Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акылбек Жапаров мамлекеттик комиссияны жетектөө менен өзүнүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуу жолуна арык чаптыбы?

27.05.2021 11:09
1733
Акылбек Жапаров мамлекеттик комиссияны жетектөө менен өзүнүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуу жолуна арык чаптыбы?


Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мурдагы чиновниктердин суракка чакырылуусу, камакка алынуулары улам арбып баратат. Кече 26-майда Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов УКМКга суракка чакырылып, андан соң 48 саатка камалганы белгилүү болду. Ал мыйзамсыз баюу жана Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө берүүгө шектелип жатканы да айтылды. Негизи эле коомчулукка Азиз Суракматовго «Елизавета» курулуш компаниясы тиешелүү экени белгилүү. Балким, ал борбор калаанын мэри болуп турганда аталган курулуш компаниясына жер тилкелерин берүүгө салым кошкон болушу мүмкүн. Албетте, муну эми тергөө кызматы иликтеп, сот чечим чыгарат.


Ушул эле күнү экс-премьер-министр Темир Сариев да УКМКга «Кумтөр» маселесине байланыштуу сурак берди. Сурактан чыкканы, же камакка алынганы боюнча азырынча тиешелүү органдар расмий маалымат берелек. Бирок, социалдык түйүндөрдө анын да 48 саатка камакка алынганы тууралуу жазгандар пайда болду.


Мындан сырткары социалдык түйүндөрдө эми «Кумтөр» маселеси боюнча Жоомарт Оторбаев, Акылбек Жапаров да суракка чакырылганын жазгандар болду. Аскар Салымбеков да суракка чакырылды дегендер бар. Айтор, коррупцияга каршы күрөш улам кызып бараткан сыяктуу.


Ооба, Жоомарт Оторбаев да бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Балким, анын да «Кумтөр» боюнча илээшип калган жагдайы бар чыгаар. Ал эми Акылбек Жапаровдун суракка чакырылганы чын болсо, демек «Кумтөр» маселесинде акыйкаттык биротоло орнотуу багытында чыныгы аракет башталган экен дей берсек болот. Себеби, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөн делген 2003 жана 2009-жылдардагы келишимдерге Акылбек Жапаровдун да катыштыгы бар экенин аттуу-баштуу эле саясатчылар айтып келишет. Аскар Акаев анын 2003-жылы Канаданын Торонтосуна чейин барып, сый көрүп, анан кайра келгенде аларды аябай мактаганын, келишимдин кемчиликтери тууралуу эч нерсе айтпаганын билдирбедиби.


Мындан сырткары Акылбек Жапаровго «Мыйзамсыз баюу» беренесин да колдонсо болот. Өзү өмүр бою эле мамлекеттик кызматтарда келе жатат. Вице-премьер-министрлик кызматка чейин жеткен саясатчы. 2016-жылы толтурган декларациясы боюнча карапайым эле жашайт. Бир эле батири бар экенин көрсөткөн. Башка кыймылдуу да, кыймылсыз да мүлктөрүн көрсөткөн эмес. Бирок, анын аялына эле «Тридас», «ДамасФарм», «Глобалико Холдингс», «Дамас Ала-Тоо», «ASKOFARM», «Тезкредит компания» компаниялары катталган. Дагы бир жакын адамы Уланбек Абыкеевге «Ала-Тоо Рэнт» ЖЧКсы катталган. Ал ЖЧКга тиешелүү борбор калаанын Шопоков көчөсүндө тогуз кабаттуу имараты бар. Жумабеков көчөсүнжө «Дамас Хотел» мейманканасы турат. Kerben Palase деп аталган мейманканасын апасына каттаган. Эркиндик бульварындагы «Корона» үйүнүн 5-кабатында элиталык батири бар. Айтор, Кыргызстандагы олигархтардын бири. Мынчалык байлыкты кандай жол менен тапканын тиешелүү укук коргоо органдары жакшылап иликтеп чыгышы керек.


Айтор, Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп, андагы кыргыз чиновниктеринин кыянатчылыгын таап чыгуу менен өзүнө карата козголо турган кылмыш ишине арык чапкандай эле болуп турат. Эгерде «Кумтөр» маселеси боюнча жана «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен дагы Акылбек Жапаров кылмыш жоопкерчилигине тартылса, анда коррупцияга каршы күрөш реалдуу жүрүп жатканы дагы бир жолу далилденет. «Кумтөр» маселесин Кыргызстандын кызыкчылыгына чечүү да жеңилдейт. Андыктан эми Акылбек Жапаровдун сурагы.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн