Теке 08, 2024
Убакыт: 09:10
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Акылбек Жапаров медицина кызматкерлерине 26 унаанын ачкычын тапшырды

05.07.2024 12:20
135
Акылбек Жапаров медицина кызматкерлерине 26 унаанын ачкычын тапшырды


7-июль – Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин төрагасы медиктерге 2024-жылы чыгарылган Toyota HILUX үлгүсүндөгү 26 пикаптын ачкычын тапшырды.

Ал медицина кызматкерлеринин эмгеги эң маанилүү, баа жеткис жана татаал экенин белгиледи.

"Биз бул унаалар эмдөө деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын ден соолугун коргоо үчүн өлкөнүн алыскы аймактарына вакциналарды өз убагында жана тез жеткирүүгө жардам берет деп ишенебиз", - деди Жапаров.

Белгиленгендей, унаалар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Вакцина жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын "Вакциналарды жеткирүүнү колдоо программасы" грантын ишке ашыруунун алкагында сатып алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн