Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акылбек Жапаров мурда казинолорду ИИМ калкалап жүргөнүн билдирди

22.06.2022 17:38
674
Акылбек Жапаров мурда казинолорду ИИМ калкалап жүргөнүн билдирди


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин казино иштеткендерди Ички иштер министрлиги калкалап келгенин моюндады.

Ал казино ачууга уруксат берилгенден кийин жашыруун иштеп жаткан кумарканалардын баары жабыларын белгиледи.

"Мурда ИИМ калкалачу, азыр калкалабайт, УКМК калкалабайт, мен калкалабайм. Казинону биз ачпайбыз, келген инвесторлор иштетет. Чет мамлекеттин жараны гана келип ойногудай шарт түзүп жатабыз. Эгер талаптарды аткарбагандар болсо, камаганга чейин барабыз", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле 2011-жылы кумар оюндарына тыюу салынгандан кийин Россиядан, Казакстандан, Кытайдан адамдар көп келип ойногонун белгиледи.

Мындан сырткары, өкмөт башчы кумаркана ачууга уруксат берилсе алты миңден 12 миңге чейин жумуш оруну түзүлөрүн кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн