Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду тилдеди

20.07.2023 15:21
943
Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду тилдеди


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков тилдеди.

Өкмөт башчы министрдин ишинин натыйжасын көрбөй жатканын белгилеп, мындай темп менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо кыйынга турарын айтты.

"Баткенде тоок фермасы өрттөнүп кеткен үй-бүлөгө жардам көрсөтүп 30 миллион сом кредит бердик. Ал Лейлек менен Баткен райондорун бүт жумуртка менен камсыз кылам деп жатат. Бир үй-бүлөгө катуураак жардам берип койсоңор бир райондун жумурткага болгон муктаждыгын чечет экен да. Сиз ушундай сунуштарды бериңиз да. Биз 2026-жылга чейин азык-түлүк коопсуздугун толугу менен чечебиз деп жатабыз. Азыркыдай темп менен чече албайбыз. "Үчөө бүттү, бешөө алыстап барат" деп сиз антип философияны айта бербеңиз. Атайын программаларды иштеп чыккыла да. Жакынкы үч жылда биз жумуртка боюнча көйгөйдү билбешибиз керек", — деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров Айыл чарба министрлиги бир дагы питомник жасабай жатканына нааразы болду.

"Эки питомник жасагыла дебедик беле. 10-15 гектар жер керек экен, килейген токой чарбалары сиздин колуңузда турат. Жакшынакай бир питомник жок, элдин баары кыйналып жатат. Дагы алты айыңыз бар, бизге эртерээк ушундай сунуштарды киргизиңиз", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн