Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров оперативдүү штабдын жыйынын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди

02.02.2024 16:08
369
Акылбек Жапаров оперативдүү штабдын жыйынын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди


Министрлер кабинетинин төрагасы - президенттин аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаров штаттык эмес кырдаал болгон Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна барып, абал менен жеринде таанышты.

Ыкчам штабдан билдиришкендей, ал оперативдүү штабдын жыйынын өткөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Тактап айтканда, Энергетика министрлигине Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте оперативдүү штабды жетектеп, саат 17:00дө болгон окуянын себептери жана ЖЭБдин толук кандуу иштеши үчүн мындан аркы иш-чаралардын планы боюнча бардык маалыматтарды берүү милдеттендирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине ЖЭБдин бузулган объекттерин калыбына келтирүү иштерин баштоо тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигине ЖЭБдин жабыркаган жумушчуларына керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Каржы министрлигине калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды тез арада бөлүп берүү тапшырылды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, учурда жарандардын батирлерин жылуулук менен камсыз кылуу жана мындай жагдайлардын кайталанбашы башкы милдет болуп саналат.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн