Акыркы убакта ЖМКларда Кыргызстандын министрлер кабинети "Манас" жана "Ош" аэропортторун түркиялык компанияга тышкы башкарууга берүүнү көздөп жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатат. Стратегиялык объектилердин тышкы башкарууга берилип жаткандыгын сындап чыккандар да болууга.
— Саламатсызбы Акылбек Үсөнбекович!
— Саламатчылык!
— "Манас" жана “Ош” эл аралык аэропортторун тышкы башкарууга өткөрүп берериңер тууралуу маалымат айтылууда. Буга кандай муктаждык түрткү болуп жатат жана мунун Кыргызстан үчүн кандай пайдасы бар? Эмне үчүн өлкөнүн маанилүү стратегиялык объектисин тышкы колго өткөрүп беришибиз керек? Дегеле стратегиялык объектилердин берилиши мыйзамга туура келеби? Мунун кесепетин тартып калбайбызбы?
— Пайдасы абдан көп, аны билип-билбей эле кыйкырып чыгып жаткандар болуп жатпайбы. Биз деле эсептегенди билебиз. Биз деле Кыргызстан үчүн, кийинки муундардын келечеги үчүн күйүп-бышабыз. Мисалы, бүгүнкү күндө аэропортубузга күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак конуп-уча баштайт. Эң акыркы үлгүдөгү жаңы учуп-конуу тилкеси салынат. Туманга карабастан, учактар конуп-уча беришет. Азыркы учуп-конуу тилкебизге кичине эле туман болсо учак коно албайт. Алматыга барып конуп жатышат. Мындан сырткары, жүк ташуучу терминал курулат. Жылына жүз миң тоннадан ашык жүктөр биздин аэропорттор аркылуу өтүп турат.
Бүгүн биз 100 пайыз өзүбүздүн үлүшүбүз менен жылына 4 миллиард сом пайда көрүп жатсак, эки жылдан кийин 50 пайыз үлүшүбүз менен эле 8 миллиард сом пайда көрө баштайбыз. Анткени эки аэропортубуз тең: “Манас” менен “Ош” хаб болуп иштей баштайт. Учактардын учуп-конуусу көбөйөт. Эмне үчүн эки жылдан кийин десеңер, биз “эки жылда бүтүрүп, ишке киргизесиңер” деген талапты инвесторлордун алдына коюп жатабыз. “Эгер эки жылда бүтпөсөңөр анда келишимди жокко чыгарып, андан ары өзүбүз улап кетебиз. Салган акчаңар күйүп кетет, кайтарбайбыз” деген келишим түзөлү деп жатабыз. Инвесторлор макулбуз деген пикирлерин билдирип жатышат. Бирок ортобузда келишимдин мөөнөтүн канча жылга чейин түзөбүз деген талаш-тартыш турат. Биз 29 жыл деп жатабыз. Алар: “39 жылга түзөлү, 29 жылда биз салган инвестициябызды актай албай калабыз”, деп жатышат. Тагыраагы, үстүнө пайда көрбөй калабыз деп жатышат. Кайсы инвестор кайсы тармакка инвестиция салбасын, эки-үч эселеп пайда көрүп кетүүнү самайт. Бардык эле инвесторлор ошондой. Ошол үчүн азыр биз дагы 29 жылга келишим түзсөк, алар салган инвестицияларынын үстүнө канча пайыз пайда табышарын санап, эсептеп жатабыз. Эгер бул мөөнөттө, алар айткандай, чын эле пайда таба албай калышса, анда мөөнөтүн дагы кичине узартканга макул болобуз.
Ал эми “азыркы таап жаткан кирешебиз менен өзүбүз деле салып койсок болот” дегендер менен мен деле макулмун. Өзүбүз салып койсок деле болот, ага 10-15 жыл убакыт кетет. Бирок азыркыдай - күнүнө бир учак конуп жаткандай 10-15 жылдан кийин деле ушундай эле болот. Анткени биз логистиканы өнүктүрө албайбыз. Бул инвесторлор 50 жылдан бери дүйнө жүзүнө аэропортторду салып, логистикасын өнүктүрүп келген инвесторлор. “Манас”, “Ош” эропорттору бүтөрү менен кошумча каттамдарды ачып, иштетип кетебиз деп жатабыз.
Анан эң негизгиси биз “ме” деп эле аэропортторду кармата салып жаткан жокпуз. Түшкөн пайданы 50/50 менен бөлүшөбүз деген келишим түзөлү деп жатабыз. Башкарууну да чогуу кылабыз. Эмне алар аэропортторду көтөрүп кетмек беле. Биздин көзөмөлдө болот. Өмүр бою бизде калат. Дүйнө жүзүндө эң чоң аэропорттор ушундай жолдор менен курулган. Азыр да ушундай үлүштөр менен иштеп келе жаткан өнүккөн аэропорттор бар. Биз деле аэропортторубузду өнүккөн аэропорттордун катарына кошолу деп жатабыз.
Учурда сүйлөшүүлөр гана жүрүп жатат. Эгер биз койгон шарттарга макул болсо гана келишим түзөбүз. Биз дагы кыргыздын мекенчил уулдарынанбыз. Биринчи орунга кыргыз мамлекетинин пайдасын коебуз.
— Тийиштүү адистерден куралган Ведомстволор аралык комиссия өзүнүн терс корутундусун бергени айтылууда. Ага карабай объектилерди инвесторлорго берип жатасыңар. Муну кандай түшүнсө болот?
— Ошол тийиштүү адистерден куралган деген топ өздөрүнө жоопкерчиликти алгысы келбестен, ошондой жыйынтык чыгарып жатышат. Бизде отуз жылдан бери ушундай көрүнүш калыптанып калган. “Эмне болсо ошол болсун, мага сөз тийбесин” деген түшүнүк менен жашап калганбыз. Бир популист саясатчы кыйкырып чыкса эле “кокуй, бизге сөз тийбесин” деп коркушат. Кандай зыяны бар, эмнеге каршысыңар деп сурасаң түшүндүрүп бере алышпайт. Пайдасын эсептешпейт.
— Маегиңиз үчүн чоӊ рахмат, ишиңизге ийгилик!
Маектешкен Медербек Шерметалиев
Булак: "Кабар" агенттиги
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн