Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Акылбек Жапаров "Унаанын" ишин жогору баалап, башкалардын да ушундай иштешин талап кылды

20.07.2023 11:28
380
Акылбек Жапаров "Унаанын" ишин жогору баалап, башкалардын да ушундай иштешин талап кылды


20-июлдагы министрлер кабинетинин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишин жогору баалады.


Ал өткөн жылы мамлекеттик мекеме Ички иштер министрлигинин карамагына өткөнүн эске салды. Ошондон кийин иш иретке келтирилип, процесстер жолго коюлуп, ачык-айкындуулук пайда болгонун белгиледи.


«Унаа өткөн жылы мамлекеттик бюджетке 509 млн 480 миң сом төлөсө, быйыл 1 млрд 381 млн сом болору күтүлүүдө. 2023-жылдын алты айында 729 миллион 949 миң сом айып салынып, 306 миллион 545 миң сом өндүрүлгөн. Былтыркыга салыштырмалуу 51 млн сомго көп», - деди ал.


Ошондой эле унаалардын терезелерин караңгылатуудан 142 млн 760 миң сом түшкөн.


Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө кайрылып, ведомстволордо, ведомстволук уюмдарда жана мекемелерде ишти уюштурууну талап кылды.


«306 миллион сом асмандан түшкөн жок. Мурдагыдай «крышасы» болсо, коррупция болсо, мындай акчалар бюджетке түшпөй калмак», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн