Президенттин администрациясынын башчысы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарына кайрылуу жасады.
"Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы өз мөөнөтүн аягына чыгарган парламент болгон. Ал эми 6-чакырылыштын мөөнөтү бир жылга узарды. Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштын депутаттары өздөрүнүн милдетин ашыгы менен аткарды деп таанууга болот. 5-чакырылышта тышкы карыз эң көп алынган. Алынган тышкы карыздын натыйжасыздыгы, коңшу өлкөлөр арасында чечилбеген таарынычтар, Бишкек ЖЭБди аварияга алып келген чуулганду окуяларды 6-чакырылыш талдап, жыйынтык чыгарды", - деди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн