Бугу 09, 2024
Убакыт: 12:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркияга барат

07.02.2024 12:00
154
Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркияга барат


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 8-10-февралында Түркия Республикасынын Анкара шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына катышат. 

Ошондой эле, Түркия Республикасынын расмий жетекчилери жана мамлекеттик органдарынын башчылары менен жолугушуулары болот. Анда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 

Министрлер кабинетинин төрагасы мындан тышкары, кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат, анын алкагында ири бизнес өкүлдөрү менен да жолугат. 

Андан соң өнөр жай, транспорт, медицина жана электрондук соода жүргүзүү тармактарында иш алып барган орто жана ири ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкерлик чөйрөдө кызматташууну талкуулайт. 

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюулаары күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн