Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акылбек Жапаров ректорлордун дүйнөлүк жыйынында: Кыргызстанда IT адистеринин иштөөсү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөр бар

14.09.2022 12:04
551
Акылбек Жапаров ректорлордун дүйнөлүк жыйынында: Кыргызстанда IT адистеринин иштөөсү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөр бар

"Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлары билим берүү кызматын гана көрсөтпөстөн, өзүнө саясий-экономикалык, маданий-социалдык багыттарда флагмандын ролун алып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуусу зарыл", - деп билдирди КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу» темасында өтүп жаткан ректорлордун дүйнөлүк форумунда.


Анын айтымында, чындыгында заманбап жогорку окуу жайлары жаңы реалдуулуктан артта калууда. Бул көйгөй.


"Кыргызстанда IT тармагында адистерди даярдоодо көйгөйлөр болгону менен дүйнөлүк IT адистердин иштөөсү үчүн эң сонун шарттар бар. Каалайбызбы, каалабайбызбы, акыры бүт дүйнө санарипке өтөт.


Ооба, биз мүмкүнчүлүктөрдүн жана кыйынчылыктардын татаал кесилишинде турабыз. Демек, илимий изилдөөлөр, инновациялар жана өнүгүүлөр келечектеги университеттердин өнүгүүсүнүн негизги векторлору болууга тийиш!


Мындай аянтчаларда илим-билимибиздин казынасы болгон жогорку окуу жайлары активдүү роль ойношу керек", - деди ал.


Эскерте кетсек, 14-15-сентябрда Кыргызстанда “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” темасындагы ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт.


Иш-чарага дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнүн жогорку окуу жайларынын 100дөн ашуун ректорунун катышуусу күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн