Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:48
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Акылбек Жапаров россиялык кесиптеши Михаил Мишустин менен жолукту

01.10.2024 15:14
464
Акылбек Жапаров россиялык кесиптеши Михаил Мишустин менен жолукту


Акылбек Жапаров Ереванда россиялык кесиптеши Михаил Мишустин менен жолукту. Ал Евразиялык форум менен Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында болду.


Мишустин Россиянын Кыргызстан менен достук мамилесин жогору баалай тургандыгын, кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин айтып, быйыл эки өлкөнүн ортосундагы товар айлануу 13 пайызга өскөнүн белгиледи.


Мишустин транспорт, логистика, өнөр жай жана айыл чарба кооперацияларында, санарип экономикадагы биргелешкен долбоорлордун башталышын эртелетүүнү сунуштады.


Жапаров Россия Кыргызстандын эң жакынкы союздашы жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү экенине токтолуп, Россияга каржы жана техникалык жардамы үчүн ыраазылык билдирди.


"Кыргыз-орус мамилелери биздин өнөктөштүк салтыбызга туура келгендей эле эң жогорку деңгээлде", — деди Жапаров.


Эске салсак, Жапаров учурда иш сапар менен Ереванда жүрөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн