Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 19:48
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Акылбек Жапаров шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнө таштанды чыгаруучу атайын техникаларды тапшырды

18.07.2022 15:52
518
Акылбек Жапаров шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнө таштанды чыгаруучу атайын техникаларды тапшырды


Бишкекте райондордун жана шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнө тиричилик таштандыларын чыгаруучу атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айлана-чөөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырып, өлкөнүн калктуу конуштарын таза кармоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүн бир катар муниципалдык кызматтар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биринчилерден болуп 22 даана атайын техниканы алышат. Жакынкы жылдары мындай техникалар менен бардык аймактар камсыздалат», - деди ал.

Белгилей кетсек, техника Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин көмөгү менен сатылып алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн