Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:54
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Акылбек Жапаров таза суу менен толук камсыздоо үчүн $400 млн керектелет деп билдирди

31.05.2023 10:51
240
Акылбек Жапаров таза суу менен толук камсыздоо үчүн $400 млн керектелет деп билдирди


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 31-майда Бишкекте өтүп жаткан биринчи суу форумунда сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУда климаттык өзгөрүүлөр, мөңгүлөрдү сактоо жана суу ресурстары тууралуу маселени көтөргөн.

"Бүгүн өлкөдөгү ичүүчү жана сугат сууларынын коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүп, Кыргызстандагы сууга байланышкан негизги көйгөйлөрдү чечүү үчүн канча каражат керек экени эсептелди. Биздин өнөктөштөр Дүйнөлүк банк жана министрлер кабинети менен биргеликте Кыргызстандын ирригациялык тармактарын модернизациялоо үчүн 800 млн долларга жакын, ал эми калган калкты толук ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн 400 млн доллар керек экенин эсептеп чыктык", - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы кошумчалагандай, таза ичүүчү сууга жана гигиенага жетүү адамдын ден соолук жана бакубат жашоого болгон негизги муктаждыгы болуп калды.

"Дүйнө жүзүндө 2 млрд жакын адам дагы эле сапаттуу сууну керектөө мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес жана дүйнө калкынын 40%ы суунун жетишсиздигинен жапа чегип келет. 2050-жылга карата дүйнө жүзү боюнча таза сууга болгон жүктү 40%дан ашык көбөйтүү болжолдонууда. Суу – туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн, ошондой эле планетадагы адамдардын ден соолугунун жана бакубаттуулугунун ачкычы", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн