Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Акылбек Жапаров жана анын орун басарларынын кандай мал-мүлктөрү бар?

31.12.2022 15:34
930
Акылбек Жапаров жана анын орун басарларынын кандай мал-мүлктөрү бар?


Министрлер кабинетинин башында турган аткаминерлер 2021-жылы кандай киреше көргөнүн Мамлекеттик салык кызматы декларация аркылуу көрсөттү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1 000 471 сом киреше тапкан, 77,5 чарчы метрлик батири бар. Жакын туугандарында эч нерсе көрсөтүлгөн эмес.

Орун басар Адылбек Касымалиев 896 658 сом айлык жана тиричилик техникаларын көрсөткөн. Ал эми жакын тууганына 216,70 чарчы метрлик үйдүн бир бөлүгү, башка имараттар жана жер тилкелери катталган. Андан тышкары, алардын автоунаасы жана аты аталбаган башка мүлкү бар.

Эдил Байсалов 4 172 468 сом тапкан. 125,89 чарчы метрлик үйү бар.

Мурдагы орун басары Арзыбек Кожошев (2022-жылдын июлунан тарта ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча коллегиясынын мүчөсү) 735 760 сом айлык алган. 70,1 чарчы метрлик батири, андан тышкары, малы жана Lexus автоунаасы бар. Жакын тууганынын 22,9 чарчы метрлик батири жана баалуу металлдардан зер буюмдары катталган.

Мурдагы орун басар Азиз Аалиев (2022-жылдын мартынан тарта Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы) 355 286 сом иштеп тапкан. Жакын тууганы 242 963 133 сом (чыгашасы 23 733 333 сом болгон) киреше көргөн. 130 чарчы метрлик батири бар. Андан тышкары, айыл чарба багытында эмес жер аянты, өндүрүш имараты жана "Бурана Текстиль" ЖЧКсынын 33 пайызына ээлик кылат. Ошондой эле 3 825 355 сом иштеп табышкан (чыгашасы 1 246 682 сом).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн