Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Акылбек Жапаров жаңы автозаводдун курулушуна капсула салды

12.05.2023 09:31
1109
Акылбек Жапаров жаңы автозаводдун курулушуна капсула салды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ак-Суу айылында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводдун курулушуна капсула салуу салтанатына катышты.

Куттуктоо сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы бир тууган эки республиканын биримдигин чыңдоого зор салым кошкон эки мамлекеттин Президенттерине ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук мамиле жаңы деңгээлге чыкты. Өз ара сапарлар жүргүзүлүп жатат, бул биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү боюнча макулдашуулар менен ырасталган.

Мунун далили катары мына бүгүнкү жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводдун курулушуна капсула салынышы. Бул эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоор», - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, заводду Кыргыз Республикасынын аймагында куруу боюнча макулдашуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2023-жылдын январында Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген.

Алгачкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны түзөт жана 1000ден ашуун туруктуу жумуш орундары түзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн