Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Акылбек Жапаров жаңы министрди жамаатына тааныштырды

15.03.2023 16:05
201
Акылбек Жапаров жаңы министрди жамаатына тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу – Мелис Тургунбаевди тааныштырды.

 

Минкабдын төрагасы белгилегендей, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жаратылыш ресурстарын изилдөө, пайдалануу, кайра өндүрүү жана коргоо жаатында мамлекеттик саясатты жана укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуу боюнча маанилүү тапшырмалар коюлган.  

 

“Бизде жердин үстүндө жана алдында эмне бар экиндиги жөнүндө толук маалымат жок. Электр энергиясын өндүрүүгө боло турган бизде канча мөңгү, дарыя жана суу бар. Бул маалымат бизге биринчи кезекте жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн керек. Бул маалыматтар бизде жакынкы аралыкта болушу керек”, - деди Акылбек Жапаров.

 

Ошондой эле, Мелис Тургунбаев бир нече чет тилдерди жакшы билет, экономика илимдеринин доктору жана корпоративдик башкарууда чоң тажрыйбасы бар экенин кошумчалады.  

 

Акылбек Жапаров жаңы жетекчиге чоң ийгиликтерди жана бардык максаттардын ишке ашышын каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн