Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Акылбек Жапаров жыл соңуна чейин бардык үйлөрдү камсыздандырууну тапшырды

24.09.2024 10:52
370
Акылбек Жапаров жыл соңуна чейин бардык үйлөрдү камсыздандырууну тапшырды


Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдардын алдына 2024-жылдын аягына чейин бардык үйлөрдү, анын ичинде кооптуу аймактарда жайгашкан турак жайларды камсыздандырууну тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.


Жапаров үстүбүздөгү жылдын тогуз айында өлкөнүн ар кайсы аймактарында болгон селдин кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2024-жылдын сентябрына карата 331 ирет сел жүрүп, анын кесепетинен 5354 үй жабыркаган. Алардын 102си бузулуп, 138и капиталдык оңдоого муктаж.


Министрлер кабинетинин төрагасы камсыздандыруу элди табигый кырсыктардан кийин тезирээк калыпка келүүгө жана мамлекеттик бюджеттин түйшүгүн азайтууга жардам берген маанилүү инструментке айланарын белгиледи.


Жапаров кошумчалагандай, жыл сайын глобалдык жылуулукка байланыштуу табигый кырсыктардын саны көбөйө берет. Ошондуктан кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу менен калктын коопсуздугун жана табигый кырсыктардын кесепеттерине туруктуулугун камсыз кылуу зарыл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн