Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Дабиге келди

16.10.2023 08:56
325
Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Дабиге келди


Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.

Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Соода жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку даражалуу кызмат адамдары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, Абу-Дабидеги мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу маселелери талкууланат.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жеке чакыруусу менен Абу-Дабиге келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн