Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 15:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров жүрөк оорусунан улам ооруканага жаткырылды

28.04.2022 14:18
468
Акылбек Жапаров жүрөк оорусунан улам ооруканага жаткырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жүрөгү ооруп жана кан басымы төмөндөп ооруканага жаткырылды.


Ал бүгүн эртең менен Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

"Ага электрокардиография жана коронарография процедуралары жасалганда инфаркт миокарды тастыкталган жок. Бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталды. Учурда министрлер кабинетинин башчысынын абалы туруктуу, канааттандырарлык деп бааланууда", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлердин консилиумунда Жапаровдун ден соолугун калыбына келтирүү үчүн ооруканага жаткырылып дарылоо чечими кабыл алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн