Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаровдун Мальтадагы оффшордук компанияларга кандай тиешеси бар? (видео)

28.06.2021 11:18
1186
Акылбек Жапаровдун Мальтадагы оффшордук компанияларга кандай тиешеси бар? (видео)


Борбор калаадагы «Дамас» отели азыркы таптагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсүнө таандык экени айтылып келет. Бирок, Акылбек мырза өзү буга чейин «Ага биздин тиешебиз жок. «Damas International Hotel» деген фирмага дагы тиешебиз жок», - деп айтканы бар.


Ырас, Акылбек Жапаров экономиканы эң мыкты түшүнгөн алдыңкы адистердин бири экени талашсыз. Бирок, анын байлыктары тууралуу да өтө көп сөз болуп келет. Бул ирет анын жакындарынын, аялынын Мальтадагы оффшордук компанияларга кандай тиешеси бар экени тууралуу «Темиров LIVE» каналы иликтөө жасады. Биз ошол иликтөөдө айтылгандарды кыргыз тилинде эркин которуп, окурмандарга сунуштайбыз.


«Damas International Hotelдин» товардык белгиси «Глобалико Холдингс» компаниясына катталган. Бул компанияны Абыкеев Уланбек Сартбаевич жетектейт. «Политклиника» басылмасынын маалыматы боюнча 2011-жылы ал ошол убактагы президенттикке талапкер Акылбек Жапаровдун ишенимдүү адамы болгон. Ал эми бул компаниянын негиздөөчүсү чет элдик «ГлобаликоХолдингс Лимитед» фирмасы. Баса, Linkedinдин колдонуучусу Максат Акылбекович өз баракчасында «ГлобаликоХолдингс Лимитеддин» генералдык директору экенин көрсөткөн. А Акылбек Жапаровдун чындап эле Максат аттуу уулу бар.


«Глобалико Холдингс» фирмасы «Дамас-Фарм» компаниясынын да негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ал эми экинчи теңнегиздөөчүсү - бул Акылбек Жапаровдун жубайы Жапарова Анара Барыктабасовна. Бул уюмду 2016-жылы ликвидация кылышкан.


OCCRРнин базасынын маалыматы боюнча «Глобалико Холдингс Лимитед» компаниясынын ээси катары Perfin services limited болуп саналат. Ал эми мунун ээлери болуп Peter Mamo, Cristiano Bussoni, Erika Izzo. Peter Mamo 286 уюмда жетекчи болуп катталган. Ал эми Erika Izzo бир эле учурда 56 компанияда жетекчи. Бир эле адам кантип бир нече ондогон, алтургай бир нече жүздгөн компанияны бир эле учурда жетектейт?


Бул маалыматтарды OCCRРнин «Райские документы» деп аталган ири иликтөөсү болбосо билбей деле калмакпыз. 2017-жылы коомчулукка 13 миллион документтер ачык болгон. Анын ичинде оффшордук компаниялардын ээлери тууралуу дагы. Анда иликтөөчүлөр оффшордук компаниялар менен байланышы бар дүйнө жүзү боюнча саясатчыларды таап чыгышкан. Чет элдик маалымат каражаттарынын маалыматтары боюнча Peter Mamo Мальтадагы ири компания Мерчиен Мамонун ээси. Ал оффшордук бизнести уюштурууга кызмат көрсөтөт. Мамо Россияда жана Украинада да бизнес жүргүзгөн.


Акылбек Жапаровдун туугандарынын биринин социалдык түйүндөгү баракчасына илген үй-бүлөлүк сүрөтүндө финансы жана экономика министринин орун басары Эльдар Алишеровду да көрүүгө болот. Алишеров «Альфатроникс» фирмасынын жетекчиси катары саналат. Анын негиздөөчүсү чет элдик «Альфатроникс лимитед» компаниясы. Кайрадан эле OCCRРнин базасын ачып, андан «Альфатроникстин» директорлору ким экенин билебиз. Баягы эле Peter Mamo, Erika Izzo болуп чыгат. Ал эми ээси дагы багы эле Perfin services limited. Бул экинчи байланыш.


Балким, Акылбек Жапаровдун аялы да оффшор менен байланышы бардыр? Өткөн жылы финансы полициясы «МИС» ААКсын өзгөчө ири суммада салыкты жашырган деп шектенген. «Кабар» агенттигин маалыматы боюнча бул ААКнын негизги акционерлери болуп Акылбек Жапаровдун аялы менен Eurasia Capital Limited болуп саналат. Мальтада да дал эле ушундай аталыштагы фирма бар. Анын директорлору - Peter Mamo, Erika Izzo. Бул дагы бир байланышы.


Андан ары кетели. Кыргызстанда Eurasia Capital Limited компаниясы чет элдик Oracul Investments For C. I. S. and Eastern Europe Ltd компаниясы менен бирге «Ала-Тоо impex» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү. Ал эми Акылбек Жапаровдун ишенимдүү адамы болгон Уланбек Абыкеев жетекчи катары саналат. Мына ушул жерде да бардык жол Мальтага алып барууда. Oracul Investments For C. I. S. and Eastern Europe Ltd компаниясы дагы Peter Mamo, Erika Izzoго таандык болуп чыгууда.


«Темиров LIVE» каналынын журналисти 2009-жылы Акылбек Жапаровго ошол убактагы бийлик да аябай лоялдуу мамиле жасаган деп айтат.


«2009-жылы май айында «Дамас» отелинин жеринин ээси болуп «Собственники жилых и нежилых помещений» деп аталган түшүнүксүз уюм болот. Бүгүнкү күндө бул компания тууралуу маалымат жок. Ал эми ошол эле 2009-жылдын октябрында кадастр кызматында отелдин жаңы ээси Чолпон Абдрахманова тууралуу маалымат пайда болот. Кадастр кызматынын маалыматына ишенсек, 2010-жылдын март айына чейин жердин эки ээси болгон. Чолпон Абдрахманова Акылбек Жапаров президенттикке талапкер болгондогу ишенимдүү адамы Алмазбек Абдрахмановго тууган. Жер кимден сатылып алынганы боюнча маалымат жок.


Ошол 2009-жылы мэрия капысынан эле бүтүндөй имаратты Акылбек Жапаровдун келини Нургуль Алимовага сатат. Азыр ал Акылбек Жапаровдун апасы Бегайым Саринжиевага таандык.


Ошол эле 2009-жылы премьер-министр Игорь Чудинов айыл чарба багытындагы жерди трансформацияло токтомун кабыл алат. Ошентип 18 га трансформацияланган жердин ээси Бегйым Саринжиева болуп чыга келет. Азыр ал жер калктуу конуш. Ошол эле жылы ал жер бөлүштүрүлүп, сатылган. Ал убакта Акылбек Жапаров экономика министри болуп турган».


Эми ушул маалыматтар тууралуу Акылбек Жапаров мырза өзү бир коомчулукка билдирүү жасап койгону туура болор.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн