Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:32
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Акылбек Жапаровдун Россияга болгон расмий сапары аяктады

22.10.2024 08:49
24
Акылбек Жапаровдун Россияга болгон расмий сапары аяктады


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 19-21-октябрь күндөрү Россиянын Москва шаарына болгон расмий сапары аяктады.

Расмий сапардын жүрүшүндө минкаб төрагасы Акылбек Жапаров, Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен биргеликте Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого карата Россиянын Мамлекеттик академиялык чоң театрында уюштурулган Кыргызстандын Россиядагы Маданият жана искусство күндөрүнүн ачылыш аземине катышты.

Маданий кечеге Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана Россия өкмөтүнүн толук курамы, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эки мамлекеттин жарандары жана маданият кызматкерлери чакырылган.

Расмий сапарга байланыштуу кеңейтилген маданий программалар уюштурулган, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кремлдин музейлерине да барды.

Ошондой эле минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Мындан тышкары, минкаб төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Россия төрагасы Михаил Мишустиндин жетекчилиги алдында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны болуп, ар кандай тармактарда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери сүйлөшүлүп, бир катар документтерге кол коюлду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн