Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 04:13
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Акылбек Жапаровдун атын жамынып, 900 миң сом киреше тапса болот деген маалымат чындыкка дал келбейт

02.05.2023 10:17
1146
Акылбек Жапаровдун атын жамынып, 900 миң сом киреше тапса болот деген маалымат чындыкка дал келбейт

Instagram социалдык байланыш тармагында министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун атын колдонуп, чындыкка дал келбеген маалымат тарап жатат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирет.


Интернет желесинде желдей тарап жаткан видеодо Кыргызстандын Финансы министрлиги каржы табуу долбоорун жарыялагандыгы тууралуу айтылат.


D3 Impressoes аталыштагы каналда "финансы министри Акылбек Жапаров (ред: Акылбек Жапаров учурда министрлер кабинетин жетектейт, ал эми финансы министри Алмаз Бакетаев) жарандар үчүн жаңы долбоор баштады. 900 миң сомдон киреше тапса болот, канал Финансы министрлиги тарабынан тастыкталган. Телеграм каналга жазылыңыз" деген сыяктуу жалган билдирүүлөр айтылат.



Финансы министрлиги аталган маалымат чындыкка дал келбестигин баса белгилейт.


"Урматтуу интернет колдонуучулар, мамлекеттик кызматтын жетекчилери жана алардын жакындарынын атын пайдаланып, оңой эле киреше табуу сунуштары менен жарыяланган маалыматтар жалган экенин эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн