Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Акылбек Жапаровдун айтканын бурмалабайлы!

21.01.2021 09:37
771
Акылбек Жапаровдун айтканын бурмалабайлы!

Өз ойлорун жеткиликтүү түшүндүрө албаган Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары бар. Ошолордун катарында Акылбек Жапаров мырза да турат. Ал 20-январдагы парламент отурумунда «Москванын мэри Собянин аларда өтө көп жумушчу орундары бар экенин, бирок жумушчу күчү жетишпей жатканын айтты. А биз бул жерде авиабилет боюнча маселени тартипке сала албай жатабыз. Эгер муктаждык болсо, биз жаштарды эшелон менен поездде Россияга жөнөтүшүбүз керек. Өкмөт жаштарга субсидия бөлүшү керек же россиялык акчага аларга билет сатып бериши керек, а алар бир нече жылдын ичинде төлөп берет. Болбосо мамлекетте жумушсуздук жана кылмыштуулук көбөйөт», - деп билдирди.


Ал айтып оозун жыйганча эле интернеттеги социалдык түйүндөрдө «Акылбек Жапаров кыргыздарды шылдыңдап жатат» деген кыязда посттор, комментарийлер жайнап кетти. Алтургай «Акылбек Жапаровду үй-бүлөсү, тууган-уруктары менен кошо эшелон менен Россияга жөнөтүш керек. Кара жумуш жасап көрсүн» дегендер да болду.


Ырас, бул жерде А. Жапаров «Эшелон менен жөнөтүшүбүз керек» деген гана сөздү ашыкча айтып алды. Бул депутат кыргыз тилчи, жазуучу же журналист эмес. Андыктан ал оюн так жана даана жеткире албай калды. Анын айтайын дегени бүгүнкү күндө көптөгөн мекендештерибиз (Россияда иштеп жүрүп Кыргызстанга кайтып келген) кайрадан Россияга барып иштеп келүү үчүн кете албай жатышканы, буга башкы себеп авиабилеттерди кымбаттыгы жана дагы бир топ документтердеги көйгөйлөр болуп жатканы тууралуу болчу. Ал ошол көйгөйлөрдү чечип бербейлиби деген гана сунушту айткысы келген. Муну акыркы убактарда авиабилеттерге байланыштуу жаралып жаткан маселелерден кабары бар жарандардын баары эле түшүндү болушу керек.


Эсиңиздерде болсо керек, тээ Бакиевдин доорунда да Акылбек мырза «Койлорго паспорт бериш керек» деп айта коюп, коомчулуктун шылдыңына кабылган. Кийин анын айтканы орундуу маселе болгонун мойнубузга алдык. Алтургай ошол маселе ишке дагы ашып баштады.


Демек, бул жерде айтылган сөздү түзмө-түз кабыл алып, анан шылдыңдап же кекээрлеп отурганыбыз туура болбой калат. Андан көрө азыркы тапта пандемия шартынан улам кыйналып турган, жумушсуз калган мекендештерибиздин маселесин чечип берүүнү камын ойлошубуз керек. Ошол сыртта жүргөн мигранттардан агылып келип турган акча каражаттары өлкөбүздүн экономикалык абалын бир топ турукташтырып кармап келгенин да мойнубузга алышыбыз керек. Ошол мигранттардын салган акчасы менен Кыргызстанда бакубат жашап келген үй-бүлөлөр болгонун унутпайлы. Ошолордун баары азыр каатчылыкка кабылып отурат. Андыктан Акылбек Жапаровдун айтканын тескери жакка бурмалабай, учурдун талылуу көйгөйү болуп жаткан жумушсуздукту тез аранын ичинде чечүү керек. Эгерде Москвада жумушчу күчтөрү тартыш болуп жатса, демек аны да тез аранын ичинде пайдаланып калганыбыз шарт. Азыр биз бири-бирибизди сындашып отура турган кырдаалда эмеспиз. Адегенде бош калган бюджетибизди азыраак болсо да толтуруп, пандемиядан улам жумушсуз калып, карызга батып калган мекендештерибиздин маселесин чечип берүүбүз зарыл.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
ТАА
АКЫЛБЕК ЖАШТАРГА ИШ ОРДУН ТУЗУУГО АРАКЕТ КЫЛЫШ ОРДУНА ЖОНОТУШ КЕРЕК ДЕШИ АКМАКЧЫЛЫК.