Бугу 04, 2024
Убакыт: 22:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Акылбек Жапаровдун ден соолугу начарлап, чет өлкөгө атайын учак менен кеткени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

21.11.2022 14:01
712
Акылбек Жапаровдун ден соолугу начарлап, чет өлкөгө атайын учак менен кеткени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Акылбек Жапаровдун ден соолугу начарлап, чет өлкөгө атайын учак менен кеткени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков кабарлады.



"Журналист Болот Темировдун маалыматына таянып, “Не ври” деп аталган ютуб каналы "Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров ден-соолугу начарлап, чет өлөкөгө атайын учак менен кетти",- деген жаңылык таратты. 


Аталган маалымат чындыкка дал келбейт, Акылбек Жапаровдун саламаттыгы жакшы, бүгүн эртең менен аппараттык кеңешме өткөрүп, андан соң Жогорку Кеңештеги жыйынга катышканын билдирем",- деп жазды Орунбеков.


Мындан сырткары, Дайырбек Орунбеков ушак-айыңыдарды таркатуудан алыс болууга чакырган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн