Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 14:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаровдун катышуусунда ЕӨАКтин кезексиз жыйыны өттү

25.08.2023 09:01
393
Акылбек Жапаровдун катышуусунда ЕӨАКтин кезексиз жыйыны өттү


2023-жылдын 24-августунда Армениянын Цахкадзор шаарында министрлер кабинетинин төрагасы - КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү.

Отурумга Армениянын, Беларусь Республикасынын, Казакстандын, Россиянын өкмөт башчылары дагы катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү Биримдиктин 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилдеги стратегиялык өнүгүүсү, анын ичинде интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана маанилүү багыттары жөнүндө Декларациянын долбоору боюнча пикир алмашты. 

Акылбек Жапаров интеграциялык байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюунун жана ЕЭКке зарыл ыйгарым укуктарды берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кезексиз жыйындын жыйынтыгы боюнча өкмөт башчылар Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине Санкт-Петербург декларациясынын долбоорун Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алдыдагы отурумунда акыркы вариантын кароо максатында иштеп чыгууну тапшырышты, ал жыйын 2023-жылдын 26-27-октябрында Бишкек шаарында өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн