Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 12:05
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Акылбек Жапаровдун ордуна жаңы депутат мандат алды

02.06.2021 21:35
1436
Акылбек Жапаровдун ордуна жаңы депутат мандат алды

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун депутаттык мандаты "Бир Бол" партиясындагы Арысланбек Акбаровго берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлады.


БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатына байланыштуу, "Бир Бол" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесиндеги Акбаров Арысланбек Акбаровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды.


Кыргыз Республикасынын БШКнын жарлыгы менен Акбаров Арысланбек Акбарович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн