Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 03:44
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Акылбек Жапаровго ОшМУ Ардактуу профессору наамы ыйгарылды

18.01.2023 09:03
342
Акылбек Жапаровго ОшМУ Ардактуу профессору наамы ыйгарылды

Министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.


Сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысына университеттин бардык мүмкүнчүлүктөрү, атап айтканда, университеттин базасында түзүлгөн жана жарандарга дээрлик бардык медициналык кызматтар көрсөтүлүүчү көп тармактуу клиникалык оорукана көрсөтүлдү.


Белгилесек, көп тармактуу клиникалык ооруканада 60 ашуун адам иштейт, анын кызматкерлеринин 95%ы – ОшМУ бүтүрүүчүлөрү. 


Министрлер кабинетинин башчысы ОшМУ мыкты натыйжаларга ээ болуп жаткандыгына токтолуп, университеттин ишин канааттануу менен белгиледи.


«Ош мамлекеттик университети ишинен үлгү алчу алдыңкы окуу жайы болуп саналат. Келерки жылга карата илимий изилдөө жана стартаптарды колдоого алуу жаатында иштерди күчтөндүрүү зарыл», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.


Андан соң Министрлер кабинетинин башчысы Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.


Министрлер кабинетинин төрагасына көптөгөн республикалык жана эл аралык сынактардын финалисттери саналган университеттин ар кыл факультеттеринин студенттери тарабынан даярдалган стартап долбоорлор тартууланды. 


Соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго ОшМУ Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн