Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жапаровго ишенүүгө болобу?

20.05.2021 11:26
2757
Акылбек Жапаровго ишенүүгө болобу?


Адамдын ким экенин жана ага ишенүүгө болор-болбосун билгиң келсе, анда биринчи кезекте анын басып өткөн жолун карайсың. Буга чейин ал кайда иштеген, кандай иштеген, кимге эмне деп сүйлөгөн, кандай жол менен байлык жыйнаган, маңдай терин төккөнбү, же жөн эле мамлекеттин эсебинен байып алганбы, акыйкаттыкты өз убагында айтабы же убактысы өтүп кеткенден кийин айтабы? Ушул сыяктуу суроолорго жооп издейсиң. Анан тыянак чыгара аласың. Бир жолу алдаган адам экинчи жолу деле алдай алат. Бир жолу уурдаган адам экинчи жолу деле уурдай алат. Ал эми бир жолу кошоматтын арты менен келе турган таттуу даамды татып алган адам аны өмүрүнүн аягына чейин таштай албайт. 


Ошондо бүгүнкү күндө «Кумтөр» маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган парламент депутаты Акылбек Жапаров кандай саясатчы деген суроо жаралат. Аскар Акаевдин заманынан бери карай эле саясатта келатат. 1992-1993-жылдары президенттик аппараттын жаштар саясаты маселелери боюнча бөлүмдү жетектеген. 1995-1996-жылдары биринчи-вице-премьер-министрдин жардамчысы болгон. 1997-2000-жылдары финансы министрлигинде башкы инспектор, башкармалыктын начальниги кызматтарын аркалаган. Анан 2000-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты болгон. Акаевге жакын адамдардын катарында эле. 


Бакиевдин маалында финансы жана экономика министри, биринчи-вице-премьер-министр сыяктуу жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалады. «Кумтөр» алтын кени боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген 2009-жылкы келишим түзүлүп жатканда Акылбек Жапаров биринчи-вице-премьердин креслосунда эле. «Улуу урматтуу Курманбек Салиевич!» деп тургандардын алдыңкы сабында болчу. 


2010-жылдагы апрель революциясынан кийин деле жерде калбады. 2011-2012-жылдары финансы министри болду. 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Албетте, экономика тармагынын тишин чагат, мыкты адис. Эмгек сиңирген экономист. Бул жаатта докторлук илимий даражасы да бар. 

Эмнегедир анын мыкты экономисттик сапаты өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо албай келатат. Бардык эле бийликтин учурунда жакшы кызматтарда отурат, бирок салымы жок. Өзүнүн гана материалдык абалы улам чыңалып, байып жатканы эле болбосо. 


Ырас, Акылбек мырзанын расмий декларациясына карай турган болсок, ал катардагы эле карапайым кыргызстандыктардай жашаган чиновник болуп чыга келет. Анын 2016-жылдагы декларациясында бир батири бар экени гана көрсөтүлгөн, башка кыймылдуу да, кыймылсыз да мүлктөрү көрсөтүлгөн эмес. А бирок, анын аялына, апасына жана жакын туугандарына катталган кымбат мүлктөрдүн саны өтө эле көп. Мисалы, аялына «Тридас», «ДамасФарм», «Глобалико Холдингс», «Дамас Ала-Тоо», «ASKOFARM», «Тезкредит компания» компаниялары катталган. 


Акылбек Жапаровдун жакын адамдарынын бири Уланбек Абыкеев дегенге «Ала-Тоо Рэнт» ЖЧКсы катталган. Дал ушул ЖЧКга тиешелүү борбор калаанын Шопоков көчөсү 93/2 дарегинде тогуз кабаттуу имараты бар. Жумабеков көчөсүндө «Дамас Хотел» мейманканасы, апасына катталган «Kerben palase» мейманканасы, Эркиндик бульварындагы айтылуу «Корона» үйүнүн 5-кабатында элиталык батири бар. Айтор, Кыргызстандагы алдыңкы байлардын катарында турат. Демек, ал мыкты экономисттигин өзүнүн жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыгына гана пайдаланып жаткандай. Болгондо да мамлекеттик жогорку кызматтарда жүрүп алып. 

2005-жылы Акылбек Жапаров депутаттык мандат үчүн айтылуу Турдакун Усубалиевди каралоого да барганы коомчулуктун эсинде. 


Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча түзүлгөн 2003-жылдагы мамлекеттик комиссияда да мүчө болгон. Ошондо эмнегедир алтын кени Кыргызстандын кызыкчылыгына иштебей жатканын айта алган эмес. Аскар Акаевдин айтымында ошол жылы А. Жапаров Канаданын Торонто шаарына барып, «Комеканын» штаб-квартирасында болуп, сый да көрүп келген. Эми ошол убактагы келишимди айыптап жатканы кандай? Эмнеге 2009-жылдагы келишимди баса белгилебейт? Бул жааттан алганда туңгуч ажо Аскар Акаевдин айтканынын жөнү бардай. Жакында эле Акаев «Азаттыкка» курган маегинде: «Азыр Жапаров комиссиянын төрагасы катары эмне деп жатат? Ал 2009-жылдагы келишимди эч кандай баса белгилеп айткан жок. Ал басымды 2003-жылы Акаев жана Танаевдин убагында түзүлгөн келишимге коюп, ошондо мыйзам бузулган деп жатат. Ал жерде Жапаровдун максаты коомчулуктун пикирин 2009-жылдагы келишимден буруп, 2003-жылдагы келишимге басым коюшу керек болуп жатат. Себеби эмнеде? Себеби Жапаров «Кумтөрдүн» тегерегиндеги чоң адис, ал башынан эле экономист катары бардык комиссияларга катышып келген. Ал жерде Жапаровдун жеке кызыкчылыгы да болгон болушу керек. 2003-жылы да мамлекеттик комиссия түзүлүп, андагы комиссиянын негизги мүчөсүнүн бири Жапаров болгон. Ал комиссияда толук иштеп, ал эмес Канаданын Торонто шаарына барып, «Комеканын» штаб-квартирасында болуп, сый-урматын көрүп келип, анан аны аябай мактаган. «Комека» өтө бай, мажрыйбасы мол компания экен, анан келишим дагы ар тараптуу кызыкчылыктарга жооп берет деп өзү колдоп берген. Ошонун негизинде Танаев өкмөт башчы катары келишимге кол коюп, чечим кабыл алышкан. Ал убакта Жапаров кемчиликтер тууралуу ачык айткан эмес», - дейт. 


Демек, ошол 2003-2004-жылдардагы келишимге Акылбек Жапаровдун да салымы болуп жатабы? Ошондо анын өзүн дагы жоопкерчиликке тартуу керек болобу? Ал эми 2009-жылдагы келишимге эмнеге басым жасабайт? Ал келишим дагы Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөнү белгилүү эмеспи? 


Айтор, кече башкача сүйлөп, бүгүн башканы айта берген Акылбек мырзага ишенсек болобу? Албетте, «Кумтөр» эми мындан ары болсо дагы Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеши керек. Бул жагынан алганда мамлекеттик комиссиянын аракетин колдоого алуу шарт. Бирок, аны аягына чейин чыгарууга А. Жапаровдун эрки жетеби? Өзүнүн да салымдары ачыкка чыга баштаса, анан аларды жаап-жашыруу аракеттерин көрбөйт деп ким кепилдик берет? Анча-мынча эле «ньанстар» жашырылса, демек эл аралык сотто жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү чектеле баштайт. Ушул жагынан алганда чоочулоо албетте бар. Эгерде бул маселеге өзү таптакыр аралашпаган, жеке кызыкчылыгы болбогон кадр болсо анда такыр башка маселе эле.  


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Акмат Абдыразаков Бишкек
Ишенгенге болбойт