Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:54
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Аким, губернатор дегендерди жоюш керек

25.02.2021 13:38
2254
Аким, губернатор дегендерди жоюш керек


Кыргызстанда жумушун начар аткарган кадрлардын иштешине жол берилбеши керек. Кесипкөй адистер өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушу зарыл. Учурда өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоого муктаж. Алсак, жергиликтүү башкарууну борбордук бийликтен ажыратуу саясаты жүргүзүлсө туура болот. Аким, губернатор дегендерди жоюп, жергиликтүү бийликтин макамын, жоопкерчилигин, укугун жогорулатып, ал өкмөт менен түз иш алып баруусу зарыл. Учурда өлкөдө 40тан ашуун район, 400дөн ашык айыл өкмөт бар. Алардын ичинен чакан айылдарды бириктирип, саны эки-үч эсеге кыскартылышы керек.

Элдар Абакиров

Булак: “Спутник” сайты

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Айгерим
Аким, губернаторды коюп, Жогорку Кенештин депутаттарын азайткылачы. Мингени кымбат машина, зарплатасы коп.
Урмат Акуналиев
Губернаторлорду жоюш керек жөн эле кереги жок кызматтар бири биринин ролун кайталап.
Замирбек
Биринчи айыл өкмөт башчысы, аким болуп иштеп көрдүңөр беле
Кенжебек
Район, областтарды жоюш керек. Бирок, азыр эмес. Биринчи мамлекеттик башкарууну санариптештирип бүтүшү керек. Ар бир айыл өкмөткө интернет киргизип, чогулуштар жалаң онлайн өтүш керек. Отчётторду, буйруктарды, каттарды жана жоопторун бүт электрондук почта аркылуу жүргүзүү шарт. Антпесек, айыл өкмөттөрдүн бир буту аймагында, бир буту Бишкекте калат. Командировка деген нерсе "мода" болот.
Туурадепэсептейм
Туура деп эсептейм Акимдер жон эле отурушат айлык жеп качан кыскартуулар урматуу президент