Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акимдер айыл өкмөттөрдү дайындаса диктатура орнойт

19.05.2021 07:12
1179
Акимдер айыл өкмөттөрдү дайындаса диктатура орнойт

Кечээ күнү, Түркияда көп жылдан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагы менен тыгыз байланышта иштеген түрк таанышыма кезиктим. Ал жайды сурашып, анан "эмне жаңылык" дейт. Жогорку Кеңеште "Айыл өкмөт башчысына талапкерди райондун Акими сунуштасын" деген мыйзам долбоору каралып жатканын айттым. Ал чочугандай абалда, "Силер эмне диктатура орнотолу деген оюңар барбы? Бизде мисалы, Стамбул шаарынын мэрин шаардыктар түз шайлайт. Стамбул шаары болсо 39 (Илче) районго бөлүнөт, алардын башчыларын да эл шайлайт. Ал Илчелер махаллелерге бөлүнөт. Махалле башчылары - Мухтарлар, (Айыл өкмөт башчылары) аларды да жергиликтүү эл түз шайлайт. Шаар мэри менен Илче (район) башчысына талапкерди саясий партиялар көрсөтө алат. Алардан тышкары Өкмөт тарабынан дайындалган Облус башчылары жана Акимдер бар, бирок алар Полиция, билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу иштерге гана көзөмөл жүргүзө алат. Алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишүүгө акысы жок." деди.


Негизи саясий оппоненттер Эрдоган бийлигин "диктатордук бийлик" деп сындап, баардык бийликти бир колго топтоого аракет кылат деп сындашат. Бирок, Түркиянын негизги деп эсептелинген Стамбул, Анкара, Измир сыяктуу үч шаарынын мэрлери, учурдагы бийликтин келишкис оппозициясы болгон "ЖХП" партиясынын өкүлдөрү шайланган. Чыныгы диктатура орногон өлкөлөрдө ушундай мисал барбы, айтыш кыйын?!


Биздин депутаттар да мыйзам долбоорун экинчи окууда караар алдында, айлана-чөйрөгө көз чаптырып, маалымат топтоп, анан добуш беришсе деген ой, "нотариус" боло бербей.


Бакыт Рыспаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн