Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акимдердин ыйгарым укуктары кеңейтилди

06.05.2022 19:47
680
Акимдердин ыйгарым укуктары кеңейтилди

Акимдердин  ыйгарым укуктары кеңейтилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Муниципалдык администрациялардын ыйгарым укуктарын күчөтүү, муниципалдык тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан өткөрүлгөн жолугушууларда айтылган жарандардын кайрылууларын эске алуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаменти аткарган тышкы жарыктандырууларды, ирригациялык системаларды, жолдорду тейлөө жана оңдоо, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, муниципалдык аймактарды жашылдандыруу, таштандыларды чыгаруу жаатында жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча иштер, Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондор боюнча муниципалдык административдик жетекчиилигине милдеттендирилет.   


Тиешелүү токтомго борбор калаанын мэри  Э. М. Абдыкадыров кол койду. Бул буйрук 2022-жылдын 30-апрелинде күчүнө кирди.


  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри жана Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрине жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине жүктөлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн