Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:09
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Акын Болот Назаров бирөөнүн жылкысын тартып алган

09.11.2022 11:35
1613
Акын Болот Назаров бирөөнүн жылкысын тартып алган



Акын Болот Назаров сүрөткө түшүү үчүн бирөөнүн жылкысын минип, андан ары изин жашырган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  


Маалыматка таянсак, 2022-жылдын 7-ноябрь күнү Москва РИИБке Беловодское айылынын тургуну 1968-жылы туулган М.И. арыз менен кайрылган. Арызында 7-ноябрь күнү түштөн кийинки убакытта Москва районунун Чоң-Арык айылынын тааласында белгисиз эркек киши жаш өспүрүм баласы 2008-жылы туулган М.Ю. минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин баласына күч колдонуп айгырын минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган. 


Аталган факт Москва РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.  


9-ноябрь күнү Москва РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран экендиги такталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган.  


Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн