Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:22
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Акын Жолон Мамытов сексен жашта

01.04.2021 15:24
3016
Акын Жолон Мамытов сексен жашта


АССАЛОМ АЛЕЙКУМ, УЛУУ УСТАТ!
Бүгүн жалпы журт, интернет айдыңы, жаш-карысы улуу акын Жолон Мамытовдун ырларын жабыла окуп, андан көңүл сергитээр, өмүр узартар ырахат, дем, күч алып эл акынга, акын элге тамшанып, таң калып жаткан учур. Акындын калдайган карааны, оттуу элеси элинин башына каран түн түшүп турган азыркы кыйын учурда кайрылып келип, элди адалдыкка, өлбөстүккө, эртеңки жарык келечекке чакырып турганы бекеринен эмес. Бүтүн дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө түшүрүп жаткан тааажылуу вирустун бир шыпаасы-рухта, ыйманда. Ошол рух, ыйман, тазалык Жолон Мамытовдун ар бир ырында башбактап турат.

Эмне үчүн мен Жолон Мамытовду устатым деп атадым. Аны тек гана менден жашы улуу калемдеш агам болгон үчүн айтып жаткан жокмун. Жолон Мамытов өз өмүрүндөгү, акындык тагдырындагы эң алгачкы ак батасын мага берип, ошол кездеги эң популярдуу, дээрлик 200 миң нуска менен чыккан жаштардын "Ленинчил жаш" газетасына менин ырларыма баш сөз жазып, ак батасын берип, адабияттын улуу, сыйкырдуу дүйнөсүнө аттандырган. Ошондогу кубанычыма чек жок. Бир айдай жер менен баспай, асманда калкылдап учуп жүргөмүн. Анткени, Жолон Мамытовдой атагы дүңгүрөп турган таланттуу акындын баасына ар ким эле арзый берген эмес. Ал кубанычтын артында не деген куурал, азап жатканын жаш башым жакшы аңдабаптыр.

Жолон Мамытов адабияттагы халтурщиктердин, жазмакерлердин эң жаалдуу душманы болгон. Алар да акындын жанына даап басып бара алган эмес. Алыстан, коргондун сыртынан кеп кылышып, өздөрүнчө күңкүлдөшкөн.
Жолон Мамытов-Акын. Акын деген жалгыз атка:өлбөстүк, улуулук, сыймык, сыйлык баары сыйган. Ошол үчүн элдер "улуу акын Жолон Мамытовдун сексен жылдыгы" деп айтып, жазып жатышат. Эч ким анын сыйлыктарын атаган жок. Ырас эле, бүгүн айрым хальтурщиктер кызыл кулактык кылып талашып жаткан "эл акыны" деген наам Жолон Мамытовдо болгон эмес. Акын ал сыйлыкты алуу үчүн чоңдордун чачпагын көтөрүп, артынан жүгүрбөгөн. Демек, акындын өлбөстүгү, бактысы сыйлыкта, наамда эмес экен. Акын деген жалгыз улуу атта. Ошол атка татыктуу болуш керек.

Жолон Мамытовдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында акын көзү тирүүсүндө жашаган борбор калаадагы "Миң түркүн" соода борборунун айланасынан бир көчөгө, же башка көчөгө акындын ысымын ыйгарыш керек. Ошондой эле Бишкек шаарынын көрүнүктүү жерине Жолон Мамытовдун эстелигин тургузуу зарыл. Бул эки вазийпаны аткаруунун учуру келип жетти.

Анда ассалом алейкум, улуу устат, жаздын алгачкы күндөрүндө бизге куш келипсиз!

ЭЛ ӨМҮР
Ырлары ага берет дарыядай,
Жаш кеткен, азыр жашы карыядай.
Сексенге толуп турат көк жал акын,
Элине кымбат, жакын жан уядай.
Маңдайдан, чыга калат бурулуштан,
Өлбөсүн өч тагдырдан сууруп учкан.
Ал элдин тамырына, жүрөгүнө
от, жалын, эмгек менен жуурулушкан.
Калкына канат болот кара жерден,
Мезгил-суу, кылым кечип ага берген.
Өмүрүн элге берсе улуу акын,
А эли өз өмүрүн ага берген.
ӨМҮРБЕК ТИЛЛЕБАЕВ
Бишкек. Көлмө. 2020-жыл, 1-апрель

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Куба Тажибаев
Улуу залкар акыныбыз Жолон Мамытовдун чыгармалары кыргыз элинде олбос очпос из калтырган. Журогубуздо ар дайым сакталат.