Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет

27.10.2023 08:57
1812
Акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет


Кыргыз Республикасынын Эмгек баатыры, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.


Буга байланыштуу 30-октябрь күнү саат 14:00дө Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акындын китептеринин көргөзмөсү жана илимий-практикалык конференция өтөт. Ал эми 31-октябрда саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында акындын 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленет.


Түмөнбай Байзаков 1923-жылы 23-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бөкөй айылында туулган. Ал кыргыздардын мекенчилдик сезимин ойготкон, экинчи гимнге айланган "Кыргыз жери" ырынын сөзүн жазган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн