Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 17-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, учурда стационарларда 527 бейтап, ал эми 1788 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. Акыркы бир жумадан ашык убакыттан бери өлкөдө коронавирустан каза болгондор каттала элек.
Кыргызстан пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1063 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн