Бугу 20, 2024
Убакыт: 16:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Акыркы бир жылда Кумтөрдөн 25 жылдагыга караганда көбүрөөк пайда түшкөн

03.11.2023 13:35
925
Акыркы бир жылда Кумтөрдөн 25 жылдагыга караганда көбүрөөк пайда түшкөн


Акыркы бир жылда Кумтөрдөн 25 жылдагыга караганда көбүрөөк пайда түшкөн. Бул тууралуу “Жакырчылык жана теңсиздик” улуттук өнүктүрүү форумунда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.


«1994-жылдан 2021-жылга чейин, башкача айтканда, 25-26 жыл аралыгында «Центерра» бизге ар кандай дивиденддер жана трансферттер түрүндө 100 миллион доллардан ашык эмес каражат берген. Ал эми былтыр эле 140 миллион доллар дивиденд алдык. Ал эми келечекте өкмөттүн жана президентибиздин позициясы мындай бойдон калууда: жер казынасы биринчи кезекте элге кызмат кылсын», - деди ал.


Эске сала кетсек, өлкөнүн негизги алтын кени Кумтөр 2022-жылдын июль айында Кыргызстандын толук менчигине өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн