Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:06
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Акыркы бир жумада COVID-19дун жаңы учурлары көбөйүп, 24 адам каза болду, - Н.Алтымышева

13.10.2020 13:29
1030
Акыркы бир жумада COVID-19дун жаңы учурлары көбөйүп, 24 адам каза болду, - Н.Алтымышева

Акыркы бир жумада COVID-19 илдетинин жаңы учурлары көбөйүп, 24 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жетекчиси Нурила Алтымышева билдирди. 

Анын айтымында, коронавирус эч жакка кеткен жок.

"Жарандар санитардык эрежелерди сактоого кайдыгер карашууда. Натыйжада, ооруну жуктуруп алгандардын саны көбөйүп, акыркы суткада 298 жаңы учур аныкталды. Буга байланыштуу Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жарандардан беткап кийип, башка адамдардан 1 метрден кем эмес аралыкты сактоону, колун самын менен 20 секунддан кем эмес жууп же антисептик менен тазалап турууну өтүнөт. Ошондой эле жылуу кийингенге аракет кылыңыз", - деди Н.Алтымышева. 

Ал ошондой эле, күз-кыш мезгилинде респиратордук инфекциялардын жана сасык тумоого кабылгандардын саны көбөйгөнү эпидемиологиялык кырдаалды курчутуп жаткандыгын баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн