Бугу 08, 2024
Убакыт: 05:42
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Акыркы эки күндө Бишкектен Баткенге 4 атайын аба каттам аткарылган

01.05.2021 12:04
825
Акыркы эки күндө Бишкектен Баткенге 4 атайын аба каттам аткарылган


Акыркы эки күндө Бишкектен Баткенге “Тез Жет” авиакомпания тарабынан 4 атайын аба каттам аткарылган. Бул тууралуу транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 29-апрелде Бишкек – Баткен каттамы менен медкызматкерлерден турган 2 бригада, жалпы 107 адам жана медкаражаттар жеткирилген.

“Кайра 106 адам Бишкекке алынып келген. Ошол эле күнү атайын каттам менен медкызматкерлерден турган 3 бриагада учуп кеткен. Ал эми Исфанага 2 миң тоннадан турган гумжардам жөнөтүлгөн. 30-апрелде Бишкек – Исфана каттамы менен медкызматкерлерден турган 2 бригада, бир тонна гумжардам жөнөтүлүп, кайра артка жарандар учуп келген. Мындан сыртары, Баткен аэропотуна 22 тонна керосин жөнөтүлгөн”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 31 адам набыт болуп, 154 киши жабыркады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 1-май саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу жана атышуулар катталган жоктугун билдирди.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн