Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 20:35
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Акыркы эки күндө тез жардам кызматына 4000ден ашык чалуу болгон, - Каратаев

30.06.2020 12:08
1017
Акыркы эки күндө тез жардам кызматына 4000ден ашык чалуу болгон, - Каратаев

Акыркы эки күндүн ичинде тез жардам кызматына төрт миңден ашык чалуу болгон. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 30-июндагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө, бардык 36 бригада толук иштеп жатат.


"Биз кошумча күчтөрдү салып, дагы 20 автоунаа даярдап жатабыз. Андан сырткары, эгерде мүмкүнчүлүк болсо, тез жардамды күтпөстөн стационарга жеке транспорт менен келсе болот. Бардык ооруканалар кабыл алышат, негизгиси – оорулуунун клиникалык абалына карайт. Бирок көпчүлүк жарандарда оору симптомдору билинбестен же жеңил түрдө өтүп жатат. Бул жарандар стационарга жаткырылбайт”, - деди Мадамин Каратаев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн