Теке 27, 2024
Убакыт: 09:59
USD
EUR
RUB

Акыркы эки жылда медиктердин эмгек акысы эки эсе жогорулатылган

05.12.2023 09:16
296
Акыркы эки жылда медиктердин эмгек акысы эки эсе жогорулатылган


Акыркы жылдарда медицина кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсе жогорулатылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылдарга чейин 2011-жылы медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаган.

Белгиленгендей, 2021-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы 100%га жогорулады.

Андан кийин 2022-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары орто эсеп менен 50%га жогорулатылып, баардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр (айыл жергеси, бийик тоолуу, илимий даража, эмгек стажы, категориялар ж.б.) сакталып калат жана кызматтык маянага кошулат.

Саламаттык сактоо системасында иштеген стажысы үчүн кошумча төлөм стажыга жараша:

- 5 жылдан 10 жылга чейин 10%;

- 10 жылдан 15 жылга чейин 20%;

- 15 жылдан ашык 30% өлчөмүндө.

Эскерте кетсек, кенже тейлөөчү персоналдан тышкары квалификациялык категория үчүн үстөк сакталып калат жана негизги маянадан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

- жогорку квалификациялык категория – 50%;

- I квалификациялык категория – 30%;

- II квалификациялык категория – 10%.

Ошондой эле ординаторлор үчүн эмгек маяна жаш дарыгер катары үстөксүз жана кошумча төлөмдөрсүз (эмгек стажы, категориясы үчүн ж.б.) эсептелинет.

Орточо эмгек акынын салыштырма таблицасы:


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн