Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акыркы коңгуроо белгилүү адамдардын катышуусунда онлайн өтөт

15.05.2020 11:45
1117
Акыркы коңгуроо белгилүү адамдардын катышуусунда онлайн өтөт


Акыркы коңгуроо салтанаты белгилүү адамдардын катышуусунда онлайн өтөт. Бул тууралуу 15-майдагы брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.


Анын айтымында мындай чечим өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.  


“Бүгүнкү күндө салтанаттарды өткөрүү кооптуу болуп жатат. Бизге балдарды саламаттыгы, коопсуздугу эң негизги орунда турат, муну ата-энелер да түшүнөт деп ойлойм. Ошондуктан быйыл 30-майда акыркы коңгуроо онлайн форматта өтүп, белгилүү инсандар катышат. Иш-чарада жакшы куттуктоолор айтылып жана пайдалуу кеңештерди берүүгө аракет кылабыз”, - деди Жусупбекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн