Сауд Аравиялык белгилүү дипломат, ишкер Мухаммад ал-Кахтани Египетте араб-африка конференциясында сөз сүйлөп жаткан учурда каза болду . Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка таянсак, Кахтани жасалма акча жасоого каршы сөз сүйлөп жатып, капысынан эси ооп калган.
Дипломаттын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Өлүмдүн себеби азырынча белгисиз.
Ал-Кахтанийдин акыркы сөзү: «Жаратканга таза жүрөк менен жолуккандардан башка эч ким үчүн эч кандай даража жана баалуулук жок».
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн