Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен төрт адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош облусунда – 1, Баткен облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 1 адам каза болду.
Учурда стационарларда 1456 бейтап, ал эми 1533 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстан пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1077 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн