Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:53
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Акыркы үч айда Россиядан Кыргызстанга 9,8 миң жаран кайтып келди

15.06.2020 16:19
956
Акыркы үч айда Россиядан Кыргызстанга 9,8 миң жаран кайтып келди


2020-жылдын 20-мартынан 14-июнга чейин Россиядан кыргызстандык 9 806 жаран мекенге кайтып келгендигин өлкөбүздун Москвадагы элчилиги маалымдады.


Аларды Кыргызстанга алып келүү үчүн 47 аба каттамы уюштурулду. Мындан сырткары, Оренбург облусунан да кыргызстандык жарандар 20 автобус менен Казакстан аркылуу мекенге кайтып келишти.


Кытай, АКШ, Доминикан Республикасы, Европа, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн да мекендештерибиз үйлөрүнө кайтып жатышат.


Элчиликтин маалыматына караганда, 7 миңден ашык жаран Кыргызстанга кайтуу боюнча арыз менен кайрылышкан. Учурда аларды уюшкан түрдө аба каттамдары менен Кыргызстанга жеткирүү аракеттери жасалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн