Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:24
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Акыркы жылдары чек ара жаңжалынан 30дай аскер жабыр тарткан

12.05.2020 15:14
1840
Акыркы жылдары чек ара жаңжалынан 30дай аскер жабыр тарткан


Акыркы жылдары чек арада чыккан жаңжалдардан улам отуздай аскер кызматкери жабыркаган. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин биргелешкен комитеттеринин жыйынында билдирди.


Алар жаштайынан майып болуп калышты. Андыктан, чек арадагы кырдаалдардан жабыркаган аскер кызматкерлерине социалдык кепилдиктерди берип, турак-жай менен камсыздоо чараларын иштеп чыгуубуз кажет”, - деди ал.

 

Төраганын орун басары Аида Касымалиева да кыргыз-тажик чек арасында жакында эле катталган чырдан улам жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалына токтолуп, жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндөгү маселени көтөрдү.


Ошондой эле эл өкүлдөрү өкмөттү чек ара маселелерин чечүүдө экономикалык рычагдарды пайдаланууга чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн