Акыйкатчы Токон Мамытов 47-түзөтүү абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу "Спутник Кыргызстан" билдирди.
Маалыматка караганда, Атамбаев өзүнүн ден соолугу тууралуу акыйкатчыга айтып берген.
"Атамбаев менен жолугуп чыктым. Эмне тууралуу кеп болгонун ал жарыяланбашын каалады. Баары жакшы",- деди Мамытов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн