Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:49
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Акыйкатчы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча ишти көзөмөлүнө алды

19.07.2024 15:04
224
Акыйкатчы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча ишти көзөмөлүнө алды


Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча ишти көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.


Акыйкатчы институту 25 жаштагы келиндин жакындарына укуктук жана юридикалык жардам көрсөтөт. Ошондой эле Жаманбаева кыз-келиндердин зомбулукка кабылышы боюнча кайрылуу жасаган.


"Акыркы учурларда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келиндерден даттануулар көбөйүүдө. Алар кордолуп, укугу бузулуп, аянычтуу тагдырга туш болуп жатышат. Ошону менен катар эле элибизде орчундуу көйгөй жараткан келин менен кайын журттун ортосундагы ажырымды бириктиришибиз керек. Кээ бир үй-бүлөлөрдө кайын журттун кийлигишүүсүнөн жаш жубайлар ортосунда чыр-чатак чыгып, айрым учурларда келиндер өз жанын кыюуга барышууда. Ошол себептен тиешелүү мамлекеттик органдар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укугун коргоо жаатында кечиктирилгис чараларды көрүшү зарыл", — деген акыйкатчы.


Жаманбаева министрлер кабинетине жана Башкы прокуратурага бул багытта иш алып барган мамлекеттик органдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча кат жолдогону кошумчаланды.


Эске салсак, Айтурган былтыр классташ баласына турмушка чыгып, жыл өтпөй Бишкектеги Тез жардам ооруканасына өтө оор абалда түшкөн. Дарыгердин баштапкы корутундусу боюнча бейтап дарыдан ууланган. Жолдошу болсо келинчеги өмүрүнө өзү кол салганын билдирүүдө. Бирок көз жумган келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп, Айтургандын өлүмүнө жолдошу себепкер деп жатышат. Маркумдун апасы күйөө баласы буга чейин кызына кол көтөргөнүн, ошондой эле баңгизат менен алектенип жүргөнүн да билдирген.


Кийин Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алганын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн