Бугу 01, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өзүнүн орун басарлыгына Жаныбек Жоробаевдин талапкерлигин көрсөттү

18.01.2024 13:57
299
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өзүнүн орун басарлыгына Жаныбек Жоробаевдин талапкерлигин көрсөттү


Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кезексиз жыйынында акыйкатчысынын орун басарын шайлоо боюнча талапкерди карады.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өзүнүн орун басарлыгына Жаныбек Жоробаевдин талапкерлигин көрсөттү.

Талкуунун жыйынтыгында комитет акыйкатчынын орун басары кызматына шайлоо үчүн Жаныбек Жоробаевдин талапкерлигин кароону Жогорку Кеңешке сунуштады.

Комитет ошондой эле акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн