Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысынан коронавирус аныкталып, ал изоляцияга алынды. Бул тууралуу 23-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда иш санитардык-гигиеналык жана коопсуздук эрежелерин сактоо менен уланып жатат. Айрым кызматкерлер аралыктан иштеп жатышат.
"Кыргыз Республикасынын акыйткачысы жөнүндө" мыйзамдын 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык, өлкө аймгында өзгөчө же аскердик абал киргизилген учурда акыйкатчынын ишмердүүлүгү токтобойт жана чектелбейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн