Акыйкатчы Токон Мамытов Кыргызстандын жарандарын дүрбөлөңгө түшүп, ар кандай текшерилбеген маалыматтарды жана ушактарды таратпоого чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
“Эл республикалык штабдын расмий маалыматтарына гана ишениш керек. Биз азыр адамзаттын артыкчылыгы жана баалуулугу анын эркиндигинде деген коомдо жашап, эркиндиктен аша чапкандар интернет жана социалдык торчолор аркылуу каалаган маалыматты анын ичинде жалган маалыматты оңой эле таратып коюп атышат. Кай жерде эркиндик болсо ал жерде жоопкерчилик дагы болушу керек”, - деп айтылат Акыйкатчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн